Жаңылыктар
Нарын районундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалар текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын районундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалар текшерилди

Нарын районундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалар Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерилди.

Рейд учурунда Лахол айылындагы кыштоодо жашаган чабандардын балдарын мектепке ташыган кичи автобустардын тиешелүү документтери жайында эмес экени маалым болду. Аларга карата акт толтурулду. Текшерүүгө алынган унаалар Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Алар буга чейин бир да жолу техникалык кароодон өткөн эмес.