Бишкекте “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын алкагында, Кыргызпатент көз карандысыз калыстар тобу менен биргеликте сынакка катышып жаткан талапкерлердин долбоорлорун тандоону баштады.
Жалпысынан сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашуун арыз келип түшүп, анын ичинен 276 өтүнмө кабыл алынды. Арасынан мыкты делген долбоорлор тандалып алынып, ар бир стартап 500 миң сомго чейин каржыланат. Аталган сынак Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы тарабынан экинчи ирет өткөрүлүүдө.