Жаңылыктар
ӨКМ кызматкерлерин жогорку даярдыктагы күчөтүлгөн режимге өткөрүү зарыл,- Новиков
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ кызматкерлерин жогорку даярдыктагы күчөтүлгөн режимге өткөрүү зарыл,- Новиков

Ар кыл жаратылыш кырсыктарынын – сел, жер көчкү, суу ташкындардын коркунучу жогорулашы менен ӨКМ кызматкерлерин жогорку даярдыктагы режимге өткөрүү зарыл. Мындай пикирин жаз-жай мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча онлайн кеңешменин жүрүшүндө Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.

Жыйында айтылгандай, жаратылыш кырсыктары боюнча бүгүнкү күндө абал туруктуу. Жер көчкү, сел кырсыктары күтүлүүчү жер тилкелеринде үзгүлтүксүз негизде мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлөт. 

"Жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу чараларын жүргүзүү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн аппараттары убактылуу турак жайларды жана калк үчүн бардык зарыл нерселерди даярдоону эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга даяр болушу керек. Мындан тышкары, калкты өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымдоо тутуму ыкчам иш алып баруусу тийиш", - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзгөчө кырдаалдарга дуушар болуучу тилкелерге үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жээктерди чыңдоо, селге каршы каналдарды, арыктарды тазалоо иштерин өз учурунда өткөрүү тапшырылды.