STEM тутуму аркылуу билим алып чыккан 100 ийгиликтүү айым «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн насаатчы болуп калат.
Насаатчылык программасынын максаты - кыздарды билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү. «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин 2600 окуучу кызы тандалат.
Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет. Долбоордун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн «Ментор үчүн колдонмо», ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн «Шакирттин күндөлүгү» иштелип чыккан.