Жаңылыктар
БУУ тарабынан Кыргызстанга алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөт
Кыргызстан жаңылыктары
БУУ тарабынан Кыргызстанга алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөт

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн-форматта жолукту. 

Новиков БУУга COVID-19 пандемиясы учурунда гуманитардык жана техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Аны менен катар социалдык-экономикалык кризистин кесепетин жоюуга ыкчам чара көрүү маселеси талкууланды. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айтты.

Жыйындын соңунда тараптар 10-мартка чейин беш негизги багыт боюнча алкактык программаны иштеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө киргизүүгө макулдашышты.

COVID-19га социалдык-экономикалык жактан ыкчам чара көрүү боюнча БУУнун Алкактык программасы беш багыттан турат. Алар, кризис маалында саламаттык сактоо системасын жана кызматтарын колдоо, адамдарды коргоо, социалдык коргоо жана базалык кызматтар, жумуш орундарын, чакан жана орто бизнести, бейформал сектордогу жумушчуларды коргоо, макроэкономикалык чараларга жооп кайтаруу жана көп тармактуу кызматташтык, социалдык биримдик жана жергиликтүү коомдун туруктуулугу.