Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Ош жылуулук электр борборуна коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен тил табышып алып, жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузган. Капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албай, ЖЭБге Ош шаардындагы ири соода объектилерин: жеке менчик мончо, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу турак үйлөрдү мыйзамсыз кошкон. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражаттарды ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери өздөрүнө алып турушкан.
Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян алып келген. УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоого багытталган, Ош шаардык ЖЭБдин ишмердүүлүгүндө ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүүдө.