Жаңылыктар
Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева FIFPro Hero атайын сыйлыгына татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева FIFPro Hero атайын сыйлыгына татыды

Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева эл аралык кесипкөй футболчулар ассоциацияларынын федерациясы уюмунун FIFPro Hero атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Оторбаева алгач Merit Award наамына көрсөтүлүп, анда жеңүүчү боло алган эмес. Бирок уюштуруучулар ага "FIFPro уюмунун баатыры" өзгөчө сыйлыгын ыйгарышкан. Кыргызстандык футболчу кыз пандемия убагында "Сообща" аталышындагы ыктыярчылар кыймылын түзүп, стационарларда жана кызыл тилкеде иш алып барган медиктерге жардам көрсөткөн эмгеги үчүн аталган ардактуу наамга көрсөтүлгөн. 

"Бул сыйлык мен үчүн өзгөчө маанилүү. Чынын айтсам, менин кичинекей ыктыярчылык аракетим мага ушунчалык алкыш, кубаныч алып келет деп күткөн эмесмин. Азыр да муну аванс катары көрүп жатам. Мен ар дайым жүрөгүмдүн жетегинде болуп, жакшылык менен тынчтыктын тарабында болгум келет", - деген Айдана. 

Оторбаева өзүнүн "Сообща" кыймылындагы ыктыярчылардын эмгегин жогору баалап, аларга ыраазычылык билдирген.