Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суу 6 млрд. метр кубга түшсө, ГЭСтеги абал кескин начарлай турганы эскертилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суу 6 млрд. метр кубга түшсө, ГЭСтеги абал кескин начарлай турганы эскертилүүдө

Токтогул гидроэлектр станциясын камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 19-февралга карата 9,993 млрд. метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынынын сайтына жарыяланды. 

2020-жылы ушул күнү бул көрсөткүч 12,873 млрд. метр куб болгон. Бир жыл мурункуга караганда суу 2,88 млрд. метр кубга азайды. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин айткан. 

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Суу 6 млрд. метр кубга түшсө, ГЭСтеги абал кесин начарлай турганын энергетиктер эскертишет.