Жаңылыктар
Токмок шаарынын түндүк тарабындагы талаадан чыккан өрт чектөөгө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарынын түндүк тарабындагы талаадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Токмок шаарынын түндүк тарабында Бишкек - Нарын - Торугарт айланма жолунун 51-чакырымына жакын жердеги камыш аянтында кечээ кечке жуук өрт чыккан.

Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Тилсиз жоо жол жээгиндеги май куюучу жайга жакындаган. Өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылып, өрт чектөөгө алынган. Жергиликтүүлөр суу жээгиндеги камыш атайылап өрттөлгөн болушу мүмкүн деп жоромол кылышты. Азырынча өрттүн чыгышынын себеби тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Эске салсак, 2021-жылдын 18-февралында бир сутка ичинде Чүй облусунун аймагында 21 өрт кырсыгы катталды, алардын ичинен;
- 3 турак үй
- 14150 даана түк тоют чөбү
- 70 Га Чу дарыясынын жээгинде камыш
- 33 Га ачык аянттарда куураган чөптөр
- 20 Га тоо кыркаларында куураган жайыт чөптөрү өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүгө жалпы 24 күжүрмөн эсеп, 64 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, андан сырткары күжүрмөн эсепте болбогон 36 кызматкер айгай менен жана Чүй облустук ӨКБнан ыкчам топ тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин негизинде
- 1 май куюучу станция
- жол эксплуатациялык ишканасынын имараты
- 1 турак үй
- 3 сарай
- 15 000 даана түк беде сакталып калынган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардан куураган чөптөрдү өрттөбөөнү сурайт. Анткени, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен турак-жайыбызды жана жакындарыбыздын өмүрүн сактай алабыз.