Жаңылыктар
Москвадан «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадан «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды

Москва шаарында «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды. 2021-жылдын 18-февралында Орусиянын борбор калаасында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде консультациялык жыйын өттү.

Анда соода-экономикалык, энергетикалык, туризм, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык үчүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жолдору талкууланды. Анын алкагында Россиянын "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси айтылды.

Күн тартибинде тараптар эки тараптуу, эл аралык жана аймактык негизги маселелер боюнча ачык жана ишенимдүү пикир алмашып, кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын тереңдетүүгө болгон өз ара даярдыктарды ырасташты. Делегация башчылары эки тараптуу күн тартибинин негизги компоненттеринин бири болгон соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын деңгээлин карап чыгышты. Тараптар БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ЕККУ жана башка ар тараптуу аянтчаларда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыктарын билдирди.