Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Россия: кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелери талкууланды

Президент Садыр Жапаровдун Россияга боло турган иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кесиптеши Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Министрликтердин башчылары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Маалым болгондой, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралат.

Б.Ажикеев Россия Федерациясынын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргызстан элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Россиянын ӨКМ башчысы Н.Зиничев кесиптеши Б.Ажикеевди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.