Жаңылыктар
"Яндекс" такси кызматы салык төлөйбү?
Кыргызстан жаңылыктары
"Яндекс" такси кызматы салык төлөйбү?

"Яндекс" такси менен кызматташкан отуздай ишкана салык төлөп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 

Буга чейин такси айдоочулар митинг өткөрүп, ири өлчөмдөгү каражаттар өлкөгө салык төлөнбөстөн сыртка чыгарылып кетип жатканын билдиришкен. Алар айдоочуларга кызмат көрсөтүү акысынын жогорулап кеткенине да нааразы.

"Яндекс" такси аркылуу жүргүнчү ташып иштеп келген айдоочулар таксисттерден алынган акынын өлчөмү жогорулап кеткенин айтып, нааразычылыгын билдиришүүдө. Алар буга чейин дал ушул маселеге байланыштуу митинг да өткөрүшкөн.