20-21-февраль күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жарманке борбордун бир катар жерлеринде уюштурулат.
Даректери:
Ленин райондук администрациясы - Чапаева-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
Октябрь райондук администрациясы - 12-кичирайону, А.Токомбаев көчөсүндө;
Биринчи май райондук администрациясы - И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
Свердлов райондук администрациясы - Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Жарманкеде шаар тургундары уй этин - 405 сомдон, жылкы этин - 380-390 сом, кой этин - 410 сом, тоок этин - 200 сом, өсүмдүк майын - 120 сом, шекер - 56 сом, күрүч - 55-60 сом, алманын бир килограммын - 30-50 сом, сабиздин килограммын - 12-15 сомдон ала алышат.