Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы илимий медициналык форум болуп өттү.
Анда медициналык илимди өнүктүрүү чаралары, жаңы техналогияларды колдонуу, ошондой эле, жаш илимпоздорду колдоо, медайымдардын билимин жогорулатуу, медициналык мекелемерди заманбап жабдуу, бул тармакты изилдөөдө илимий программаларды түзүү маселелери каралды. Жыйынга өлкөдөгү алдыңкы илимпоздор, дарыгерлер, бир катар чет мамлекеттердин эксперттери катышты. Калктын саламаттыгына кам көрүү максатында илимий иштердин бет ачары болду.
“Акыркы учурда ашыкча салмак кошуу, гипертония, бөйрөк оорулары көп катталып жатат, бүгүнкү форумда аталган илдеттерди алдын алуу жана келечекте буга карата кандай чаралар көрүлөт, ушул тууралуу дагы сөз болот”,- деди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.
“Кыргызстанда медицина тармагында илимди өнүктүрүшүбүз керек. Албетте бул жаатта илим ар дайым биринчи катарда болуусу керек. Форумдун негизги максаты медицинадагы илимди өнүктүрүү”,- деди башкы пульмонолог-дарыгер, профессор Талант Сооронбаев.