Турак жайларды жана унааларды камсыздандырууга мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы кепилдик берет. Аймактарда жаратылыш кырсыктары көп болгондуктан, жергиликтүү тургундар үчүн үйлөрүн камсыздандыруу бир топ ыңгайлуу.
Азыркы тапта 400 миңден ашык жаран жашаган үйү жана унаасын камсыздандырды. Алардын арасынан 2016-жылдан бери 500дөн ашык адамга, катталган кырсыкка жараша камсыздандыруу төлөмдөрү берилди.