Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыр ушул маалга салыштырмалуу азык-түлүк баасы 18 жарым пайызга кымбаттады. Акыркы убакта керектүү товарларга баа өсүп жатканы өкмөттүк деңгээлде бир нече ирет талкууланганы менен, азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.
Өсүмдүк майы акыркы учурда эң көп кымбаттаган азык-түлүктөрдүн катарында. Былтыр ушул маалда 5 литр суу май түрүнө жараша 380 сомдун тегерегинде болсо, ушул тапта 600 сомдон жогору. Бир жыл аралыгында баалары кескин жогорулап кеткен социалдык маанилүү азыктардын тизмесинде эт, жумуртка, шекер жана өзүбүздөн эле чыккан картошка дагы бар.