Адам укуктары жана эркиндиктери Баш мыйзамдын негизин түзөт. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн пикиринде Конституциянын жаңы долбоорунда адамдын жана жарандардын укуктары менен милдеттери бөлүмү күчөтүлдү жана адам укугун коргоо боюнча эл аралык Венеция комиссиясынын талаптарына толук жооп берет.
Эксперттер кырктан ашык беренеден турган бөлүмгө адам укугу менен эркиндигине байланыштуу бардык жагдайларды камтууга аракет кылган.