Жаңылыктар
Түркиянын Темрин журналы кезектеги чыгарылышын жазуучу, драматург Султан Раевге арнады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын Темрин журналы кезектеги чыгарылышын жазуучу, драматург Султан Раевге арнады

Түркиянын "Темрин" адабий журналы кезектеги чыгарылышын жазуучу, драматург Султан Раевге арнады. Журналдын башкы редактору Шериф Йылмаз кыргыз жазуучусун "кыргыз улуттук адабиятынын эле эмес, жалпы заманбап түрк адабиятынын мыкты өкүлү" деп атады.

Султан Раевдин аңгеме, повесттери жана романдары орус, түрк, кытай, англис, француз, украин, казак, өзбек тилдерине которулган. Автордун драмалык чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин театрларында сахналаштырылган.

Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча илимий иштер жүргүзүлүүдө.

Султан Раев Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү. Журнал буга чейинки сандарында кыргыз адабиятынын классиктери Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы тууралуу да жазган.