Жаңылыктар
Кыргызстан 2020-жылы 54 тонна козу карын экспорттогон
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан 2020-жылы 54 тонна козу карын экспорттогон

2020-жылы Кыргызстан 54 тонна козу карын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Товар жалпысынан 511 миң долларга бааланган. Чийки, кайнатылган, тоңдурулган, кургатылган жана консервацияланган козу карындар сыртка сатылган. Германия — 33,8, Түштүк Корея — 19,8, Франция — 0,2, Япония — 0,1, Швейцария — 0,1 тонна козу карын сатып алган. Мурдагы жылы Кыргызстан 400 миң долларга 44 жарым тоннадай козу карын сатканы айтылды.