Өткөн жылдын октябрь айында кызматтан алынган "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин башкы көзөмөл органы "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташууда атайын коррупциялык схема түзүлгөнүн жана мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин аныктаган.
Аталган иштин алкагында аэропорттун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев коррупцияга шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Жакында эле Башкы прокуратура тарабынан "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалып, эки айга камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго да жогорудагы коррупциялык иштерге байланыштуу дагы бир айып тагылган.