2015-жылы террордук аракеттерди жасоону пландаган согушкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн тыюу салынган уюмдун мүчөсү кармалды. Ал эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террористтик уюмдардын курамында жүрүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.