Бүгүн, Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында катуу шамал болушу күтүлөт.
Бул тууралуу ӨКМдин маалыматына ылайык, күндүз Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.