Жаңылыктар
Куткаруучулар Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды сактап калышты
Кыргызстан жаңылыктары
Куткаруучулар Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды сактап калышты

Куткаруучулар калаанын Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Кечээ 112 кызматына эркек адам сууга түшүп кетти деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен 46 жаштагы кишини 5 метр тереңдиктен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандыраарлык экендиги айтылды.