Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тийиштүү органдарга 14 жашка чейинки балдардын саламаттыгын көзөмөлгө алууну тапшырды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек мэриясы, Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу бала бакчаларга, мектептерге барып, билим алып жаткан балдардын саламаттыгын текшерип, оорунун белгилери билинсе, коронавируска карата ПЧР анализ алуу планы иштелип чыгышы керек.
Артем Новиков балдар арасында сасык тумоо, пневмония жана Кавасаки синдромуна окшош оорулардын көбөйүүсү коомчулукта кооптонууларды жаратып жатканын белгиледи.
"14 жашка чейинки балдар боюнча медициналык маалыматтарды чогултуп, күнүгө сасык тумоо менен пневмониянын эсебин алып туруу керек. Менчиктин кайсы түрүнө карабай, бардык билим берүүчү мекемелер ар бир бала тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер азыр жарым жартылай аралыктан иштеп жатат, COVID-19 вирусуна толук кандуу талдоо жасалмайын аларды жапырт ачуу тууралуу сөз кыла албайбыз", - деди Новиков.
Ошондой эле, балдарды сасык тумоого каршы ыктыярдуу эмдөөнү уюштурууну мамлекеттик жана менчик медициналык мекемелер аткарышы керек. Кыргызстанда январь, февраль айларында пневмония, сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйгөн. Акыркы маалыматтар боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 150дөн ашуун бала пневмония менен ооруп жатат.