Жаңылыктар
Улуттук идеология улуттук баалуулуктарга таянат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук идеология улуттук баалуулуктарга таянат

Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн улуттук идеологияга көңүл буруу керек. Президенттин алгачкы жарлыгын ишке ашырууда маани берилүүчү маселелердин айланасында сунуш-пикирлер айтылууда. Бир катар коомдук ишмер, илимпоздор мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды коргоо демилгесин көтөрүштү.

Жаш муунду мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эне тилин урматтап, улуттук баалуулуктарды аздектөөгө үйрөтүү маселеси узак убакыттан бери көтөрүлүп келатат. Бирок аны ишке ашыруунун жолдору табылбай, тарбияга таандык натыйжалуу ыкмалар иштелип чыкпаганы көйгөй катары белгиленүүдө. Президенттин инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсүнө байланыштуу жарлыгы да коомчулукта дал ушул маселени кайра козгоду. 

Улуттук идеология улуттук баалуулуктарга таянат. Анын алкагында тилге болгон мамиле да өзгөчө мааниге ээ. Бир катар илимпоздордун пикирине таянсак мамлекеттик тилге байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу аткарыла турган иштердин сап башында болушу шарт.

Келечек муунду ар тараптан өнүктүрүүдө маданият, билим берүү, илим жана спортко көңүл буруу керектиги белгиленген. Сергек жашоону калыптандыра турган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп, окуу жайларда билим гана берилбестен, тарбия маселесине да маани берилет.