Ички иштер министрлигинин ыкчам-криминалисттик борбору окуя болгон жерден издерди чогултуучу атайын жабдыктар менен камсыздалды. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү тапшырды.
Иш-чарага ИИМдин Ыкчам-криминалисттик борборунун кызматкерлери жана ЕККУнун Программалык кеңсесинин аскердик-саясат департаментинин жетекчиси жана полиция маселелери боюнча кеңешчиси катышты. Борбордун жетекчиси эксперттердин жумушу жана жүргүзүлүүчү изилдөөлөр тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, борбордун техникалык дараметин бекемдөөдө уюмдун колдоосунун маанилүүлүгүн белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. ИИМдин ыкчам-криминалисттик бөлүмдөрүнүн кызматкерлери 2020-жылы 4504 экспертиза жана 923 изилдөө жүргүзгөн, 212 белгисиз өлүктүн өздүгүн аныкталган.