Жаңылыктар
Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басар чек ара маселелери боюнча жарандар менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басар чек ара маселелери боюнча жарандар менен жолугушту

Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев чек ара маселелери боюнча жарандар менен жолугушту. Жолугушуу 17-февралда өтүп, жарандык активисттер менен Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундары катышты. Ошондой эле иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, Өкмөттүн Аппаратынын, Тышкы иштер министрлиги, ИИМ, УКМК жана башка министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларындагы тактала элек тилкелерде делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, аткезчилик суроолору талкууланды.

Мындан тышкары, чек арага чектеш жашаган жергиликтүү тургундардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык абалын жакшыртуу максатында тез арада каражат бөлүү керектиги белгиленди.

Медербек Сатыев мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарды сактоодо чыныгы патриоттуулукту көрсөткөн чек ара аймактарынын жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө айтылган бардык маалыматтар, сунуштар жана талаптар Мамлекет башчысына жеткирилет, ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, президент Садыр Жапаров мамлекет башчы кызматына киришкен алгачкы күндөрдөн баштап чек ара маселелерин артыкчылыктуу багыттардын бири деп эсептеп, өзгөчө көзөмөлгө алгандыгын белгиледи.

Жарандык бирикмелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чек араны коргоону тактоо жана күчөтүү процесстери боюнча өз сунуштарын активдүү билдиришти.

Иш-чара “эркин микрофон” форматында өтүп, каалоочулар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, керектүү жоопторун алышты.