Азык-түлүккө баанын жогорулашы боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алып, натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы бардык тийиштүү мекемелердин милдети тамак-аштын негизги түрүн керектүү көлөмдө, жеткиликтүү баада камсыздоо экенин айтып, бул багытта так тапшырмаларды берди.