Пандемиядан улам жаралган экономикалык каатчылык өлкөгө келген чет элдик капиталды отуз пайызга азайтты. Ошондой эле, өлкөдөгү акыркы алты ай ичиндеги саясий абал дагы инвесторлорду чочутуп койду. Экономиканын бүгүнкү абалын эске алганда эң ириде инвесторлордун ишенимин кайтарып, иштеп жаткандарынын коопсуздугун камсыздоо зарыл. Бул багытта жакында эле президент «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.