Жаңылыктар
Чүй, Талас облустарында 18-февралдан 22-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй, Талас облустарында 18-февралдан 22-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы

18-февралда жана 19-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

19-февралда күндүз Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-февралда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-февралда эртең менен, күндүз жана 21-22-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-февралда күндүз жана 20-22-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу айтсак, 18-19-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт. 20-февралда жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. 21-22-февралдарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.