Бишкекте Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалагандар үчүн онлайн режиминде сынактык тестирлөө болуп өттү.
Экзамен тапшырып жаткан талапкерлердин тесттеги алган упайы сайтта көрсөтүлүп, жыйынтыгы дароо чыгарылат. Тесттен өткөн балдардын тизмеси 28-февралга чейин Венгрияга жиберилиши керек. Венгрия өкмөтү 2021-2022-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана доктарантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 150 бюджеттик орун бөлгөн.
Студенттер акысыз жатакана менен камсыз болушат жана медициналык жактан камсыздандырылат, жакшы окугандар үчүн ай сайын стипендия каралган.