ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясында 21-февраль - эне тил күнү деп жарыяланган. 2000-жылдан бери көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет.
Дүйнөдө улуттар 4 миңге чукул болсо, ал эми тилдер 6 миңге чейин жетет. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, 6 миңге жакын тилдердин жарымы жоголуп кетүү коркунучунда турат. Борбордук Азиядагы суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн Кыргызстанда кыргыз тилине мамлекеттик макамдын берилишине быйыл 32 жыл толот.
Ага карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында "Тил - улуттун улуу дөөлөтү" аттуу китеп көргөзмөсү жана тегерек стол жыйыны уюштурулду. Анда мамлекеттик тил, аны колдонуу чөйрөсү, социалдык-экономикалык жагдайлары, тоскоолдуктар жана аларды жоюунун жолдору сыяктуу орчундуу маселелер айтылды. Иш-чарага коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү, студенттер катышты.