Жаңылыктар
“Элдик курултай” кыймылы: курултай органынын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек
Кыргызстан жаңылыктары
“Элдик курултай” кыймылы: курултай органынын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек

Курултай органынын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек. Мындай талап менен “Элдик курултай” кыймылы атайын акция өткөрдү. 

Митингге чыккандар баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорунда курултайдын мамлекеттик башкаруудагы орду чектелип калганын билдиришти. Алар Жогорку Кеңешти эки палатан түзүп, эл өкүлдөр жыйыны курултай болушу керек деп эсептешет.