Жаңылыктар
Эң зарыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарыл,- Улукбек Марипов
Кыргызстан жаңылыктары
Эң зарыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарыл,- Улукбек Марипов

Биринчи кезектеги муктаждыкты жараткан, өзүбүз өндүргөн продуктулар менен камсыздоо иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттө өткөн жыйында билдирди. 

Анын айтуусунда, өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик 6 миң гектарга кыскарган. Натыйжада, кант өндүрүү көлөмү да кыскарды. Мындан тышкары, күн карама жана жүгөрүнү өстүрүү унутта калган. Аталган өсүмдүктөрдү өстүрүү менен катар азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулатууга болот. Ошондой эле экстенсивдик багбанчылыкка өтүү зарыл. Багбанчылыктагы жаңы технологияларды ишке киргизүү менен катар түшүмдүүлүктү бир топ жогорулатууга болот.

Премьер-министр Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине бул багытта биринчи муктаждыктагы продуктуларга карата бааны жөнгө салуу үчүн ири жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүүнү тапшырды. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү социалдык маанилүү товарлардын баасына күнүмдүк талдоо жана мониторинг жүргүзүүнү, Бишкек жана Ош шаарларынын жана республиканын башка ири шаарларынын мэриялары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте тамак-аш азыктарына карата белгиленген баалар коюлган ар жумалык айыл чарба жарманкесин өткөрүү боюнча ишти уюштуруу тапшырмасын берди.