Бүгүндөн тартып Кыргызстандын муфтийи кызматына талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кыргызстандын муфтийи болууну каалагандар үчүн төмөндөгүдөй талаптар коюлган: Кыргызстандын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар, салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган, жогорку финансылык билимге ээ, мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш жылдан кем эмес иштеген, куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген, адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс, мурда соттолбогон, эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон, уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргызстандын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат. Документтер даректүү жана электрондук почта аркылуу кабыл алынат.
Тапшыруу мөөнөтү 17-март күнү саат 18:00гө чейин. Муфтияттан коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.