Бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен жетиштүү көлөмдө жана баада камсыздоо болуп саналат. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
«Бүгүнкү күндө активдүү талкууланып жаткан темалардын бири – бул азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүүсү. Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил, же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда. Бул маселе Өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, кандайдыр-бир чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга карата баалар өсүүдө. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чечимдерди, превентивдүү чараларды, кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл», - деди Улукбек Марипов.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 4 айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа менен майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго чейин жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет. Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ишин сынга алды.
«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экендигин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам жана жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм»,- деди премьер-министр Улукбек Марипов.