Жаңылыктар
Жайыл районунда ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча шектүү аял кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жайыл районунда ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча шектүү аял кармалды

Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча шектүү аял кармалды.

2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБүнө арыз менен 1980-жылы туулган Ставрополовка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби анын 1986-жылы туулаган Б.А., аттуу  карындашын белгисиз адамдар тарабынан  ошол эле айылдын бир көчөлөрүнөн уур токмокко алып, андан соң суу жегине таштап кеткендигин билдирген. Натыйжасныда анын карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Материал боюнча бардык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы 2021-жылдын январь айындан дайын болуп, ага ылайык жабырлануучу оор жаракат алынганы белгилүү болгон. Сотко чейинки иш өндүрүшүндө мурун катталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесине (ден соолукка оор зыян келтирүү) которулган.

Жайыл РИИБнүн кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-аракетинин негизинде бул кылмышка шектүү делип  мурун оор кылмыш менен соттолгон 1968-жылы туулган У.В., жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын  ала маалыматтын негизинде бул кылмыш эки аялдын мас абалындагы кызганычтын айынан пикир келишпестиктен болгондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.