Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (198-255-чакырым) унаа жолунда 16-февралынан 20-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2021-жылдын 16-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КМнин артиллериялык  эсеби Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Жетиген айылындагы 73809 аскер бөлүгүнөн саат 08:10до чыгып, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымындагы Ала-Бел ашуусуна жетип, саат 15:00дөн саат 15:40ка чейин 10 даана снаряд атылып, 1932м3 кар көчкү түшкөн, 1 снаряд жарылбай калган. КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан.

Кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2021-жылдын 17-февраль күнү улантылат.