Кыргызстанда 2 миң 144 мектептин окуучулары кадимки тартипте окуп жатышат. Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Талас облустарында жана Ош шаарында 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын бардыгы мектепке барып билим алышууда.
Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарында окуучулар толугу менен окууга бара элек. Айрым аймактарда 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары мектептен окуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып, карантинге жабылган. Окуучулар 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да аралыктан окуу менен уланткан. Экинчи чейректен тартып айрым мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат бериле баштаган.