Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө "Бирдиктүү терезе" иштей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган борбордун ачылышына Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жетекчиси Улан Бактыгулов катышты. Эми Жумгал районунун тургундары Кочкор районуна же облус борборуна барып убара болбостон, жарандардын соттолгон же соттолбогону боюнча тактамаларды Жумгалдан эле ала алышат.
Маалымкатты алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын жеткиликтүүлүгүн ыңгайлаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн убакыттарын кыскартуу, сапатын жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезе”
принциби боюнча жарандарды заманбап тейлеген борборлордон бүгүнкү күндө 31 пункт иштеп жатат. “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон жана пункттардан даяр тактаманы алуу үчүн өздүгүн тактай турган домументтерди көрсөтүш керек.