Дача СУ аймагында жашаган калктын көйгөйү бир нече жылдан бери чечиле элек. 2 миңге жакын эл жашаган тилкеде мектеп, бала бакча, жол, оорукана сыяктуу социалдык маселелерин бийлик бутактарына айткандан чарчады. Андагы балдар 3 чакырым басып, кошуна айылдагы мектепке барууга аргасыз. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү бала бакчалардын жоктугунан иштей албай үйдө отурушат.
Дача СУдан 3 чакырым алыста жайгашкан Манас айылындагы 580 бала окуй турган мектепте 3 миңден ашык окуучу билим алат. Анын миңи Дача СУнун окуучулары. Балдары көп болгондуктан мектеп жамааты кошумча ийримдерди маданият үйүндө өткөрүүгө аргасыз.
Чүй облусунун ылдыйкы айылдарына Дача СУ аркылуу жол кеткендиктен жергиликтүү эл ошол айылдардын маршруттук каттамдары менен шаарга келип турушат. Өздөрүндө коомдук транспорт жок болгону аз келгенсип, ары бери өткөндөр таштандыларын калтырып кеткен талаага да айланды.
12 дачадан биригип бир чоң аймак болгону менен алардын айыл катары макамы жок. Мындан улам жергиликтүү тургундар паспорт, күбөлүк ала алышпай, анын айынан пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык төлөмдөрдөн да кур калышкан.