Жаңы баш мыйзамга карата коомчулукта ар кандай сын пикирлер айтылганы менен ал бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен, ар бир бөлүгү дыкат талкууланып даярдалды. Конституцияда бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталып, ага катар адам укуктары жана эркиндиктери, шайлоо системасы баштаган бардык бөлүмдөр талапка ылайык келтирилди.
Өлкөнүн жаңы баш мыйзамы президенттик башкаруу формасына ылайыкталып жазылды. Конституциялык кеңешме үч айдан ашык иштеп, долбоорго бардык кызыкдар тараптардын сунуш пикирлерин камтыды. Коомчулуктун жана тиешелүү адистердин сынынан өтүп, конституциянын долбоору азыркы учурда Жогорку Кеңештин кароосунда. Документте көбүнесе бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары кызуу талкууланды.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча президентке да түмөн суроолор берилди. Садыр Жапаров өзү “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, жаңы баш мыйзам бардык тараптарды мунасага алып келе турган, ошол учурда чоң реформалардын башаты болуп каларын белгиледи.