Жаңылыктар
Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы бийликтин жоопкерчиликтери
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы бийликтин жоопкерчиликтери

 Жаңы баш мыйзамдын долбоору даяр. Ал азыр коомдук талкууда. Жаңы долбоордо президент мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары көрсөтүлдү. Январда өткөн референдумда, кыргызстандыктар башкаруунун президенттик формасын көпчүлүк добуш менен колдогон. Натыйжада, жаңы Конституцияны өзгөртүү жана кабыл алуу зарылчылыгы пайда болду. 

Өлкө келечегине кайдыгер карабаган Абылабек Асанканов баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаган Констициялык кеңешменин жыйынына 2 жарым ай бою тынбай катышты. Бул аралыкта тажрыйбалуу адистерден турган кеңешме жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуш-пикирлердин баарын талдап чыгышты. Ар бир берене боюнча ачык талкуулар жүрдү.

Баш мыйзам долбоорундагы мамлекеттик бийлик органдары жөнүндө үчүнчү бөлүмдө президенттин милдеттери, укуктары жазылган. Андагы 68-беренеге ылайык, президент - мамлекет башчы жана аткаруу бийлигин да жетектейт. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилгени менен кошо эле анын жеке жоопкерчилиги да күчөтүлгөнүн белгилешүүдө.