Жаңылыктар
УКМК: курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды

Курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды, - дейт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы өз билдирүүсүндө. 

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, ИИМ менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Анда 2 кесилген мылтык, 160тан ашуун ар кандай калибрдеги октор, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда. Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.