Жаңылыктар
ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9-эл аралык марафону 15-майда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9-эл аралык марафону 15-майда өтөт

15-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9-эл аралык марафону старт алат. 

Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт. Эл аралык марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Жарыш 15-майда саат 8: 00дө Чолпон-Атадагы ат майданында старт алат. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42 км. 195 м, жарым марафон 21 км. 97 м., 10 км., 3 км., скандинавиялык басуу 3 км.

Белгилей кетсек, Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын (World Athletics) эрежелерине ылайык бардык аралыктардагы расмий эл аралык марафондун трассасы Марафон жана жарыштардын эл аралык ассоциациясы (AIMS) тарабынан сертификацияланган. 

2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат. Катышуу үчүн http://runthesilkroad.com/ сайты аркылуу арыз калтырып же Эл аралык Марафон дирекциясынын кеңсесине кайрылуу керек.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9-эл аралык марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Аталган иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык 2020-жылдын 2-майында өткөрүү пландалган.