Ош облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Жыл башынан бери ооруканаларга кайрылган 241 бейтаптын 46сынан коронавирус тумоосу аныкталган.
Мунун 29у учурда дарыланууда. 16 адамдын абалы оор. Акыркы учурда, өпкөнүн кагынуусуна кабылгандардын саны өскөнү байкалат. Бул туурасында облустук штабдын өкүлдөрү маалымдады. Дубандын аймагындагы 547 мектеп, 432 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Соода жайлары, ишкана, мекеме кызматкерлерине санитардык талаптарды сактоо талабы эскертилүүдө. Пандемия башталгандан бери коомдук жана тамактануучу жайларда жалпы 1349 текшерүү жүргөн.
Натыйжада 2 млн 550 миң сомдук каражат жыйналган. Коронавирустун жаңы түрүнүн алдын алуу максатында, чек ара бекеттери менен "Ош" аба майданында жүргүнчүлөрдөн жеринде ПЧР анализи алынууда. Дарыгерлер арасында атайын окуулар жүргүзүлүүдө. Аймакта 1 миң 400 орун даярдалса, мунун 455и жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларга тийиштүү. Ошондой эле, 1,5-2 айга жете турган дары-дармектин кору бар.