Жаңылыктар
Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү. Пандемиядан улам Таласта сот отурумунда каралган иш жылдагыдан аз
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү. Пандемиядан улам Таласта сот отурумунда каралган иш жылдагыдан аз

Республика боюнча аймактардагы жергиликтүү соттордун 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган онлайн кеңешмеге Талас облусунун жергиликтүү соттору катышты. 

Кеңешмеде берилген маалыматтарга таянсак, пандемиядан улам Таласта сот отурумунда каралган иш жылдагыдан аз болгон. Бирок ага карабай райондук жана шаардык сот тарабынан 285 жазык иши, 241 жоруктар боюнча сот отурумдары болгон. Санариптештирүүнүн алкагында жана сот тутумундагы коррупцияны жоюу максатында көрүлүп жаткан аракеттер боюнча да маалыматтар айтылды. Ошондой эле, жыйында соттордун иши боюнча калк арасында айтылган сын-пикирлерге карата чараларды көрүү жагы айтылды.