Жаңылыктар
Коомдук унаалардагы бет кап тагынуу тартиби, жалпы санитардык абалы текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук унаалардагы бет кап тагынуу тартиби, жалпы санитардык абалы текшерилди

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорт инспекциясы жана Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук унаалардын санитардык абалын, санитайзердин бар-жогун жана айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн бет кап тагынуу тартибин сактоону текшерүүдө. 

Мэриянын маалыматы боюнча, тартип бузганга эскертүү берилүүдө. Ал эми тартип бузуу кайталанган учурда административдик протокол толтурулат. Февраль айынын башынан бери 337 транспорт каражаты текшерилип, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн 59 миң сомдук айып салынган. Бишкек мэриясы жарандарды бет кап тагынууга, колду антисептикалык каражаттар менен тазалап турууга чакырат.