Алматы - Ош - Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
16-февраль күнү Алматы шаарынан учуп келген алгачкы учак "Ош" эл аралык аэропортуна конду. Алгачкы каттам менен Ош шаарынан кайра Алматыга 142 жүргүнчү учуп кетти. Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
"Манас" эл аралык аэропорту чартердик каттамдын ачылышын жүргүнчүлөр тарабынан суроо-талаптын көп болгондугу менен байланыштырды.
Премьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен сүйлөшүп жатып авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин көтөргөн.