Турмуштук оор кырдаалдагы балдардын укугун коргоо максатында, өлкөдөгү мектеп-интернаттар оптималдаштырылууда.
Азыркы тапта ал мекемелердин айрымдары жабылып жатса, кээ бирлеринде балдардын саны кескин кыскарды. Алсак, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондорундагы мектеп-интернаттарды реформалоонун алкагында, “Дмитриевка” атайын көмөкчү мектебинде тарбияланган балдар кадимки мектептерге барып билим алууда. Алар атайын фостердик үй-бүлөлөрдүн камкордугуна алынып, социалдык жардамдар көрсөтүлүп турат. Ошондой эле, алардын жашоо шартына көзөмөл жүргүзүлүүдө.